🎵 Гүлжигит Сатыбековдун "Апамдын ыры" чыгармасын биз менен чогуу караоке ырдаңыз. Ырчынын үнү жок (минусовка) варианты тексти менен.
🎤ГҮЛЖИГИТ САТЫБЕКОВ - Апамдын ыры ырынын үнү бар (плюс) варианты • ГҮЛЖИГИТ САТЫБЕКОВ - Апамдын ыры - караоке...
🎼 Кыргызча караоке издесеңиз, биздин каналга катталыныз 👌. Күн сайын жаңы ыр караоке форматында чыгып турат.
🎶 Кыргыз ырлары караокеге 2 түрдө киргизилген:
✔ сиз сүйгөн ырчынын аткаруусунда (ыр жаттоого жеңил болуу үчүн, ырчы менен чогуу ырдап, обонду кырааты менен ырдаганды үйрөнөсүз), мындай клиптер “караоке” деп белгиленген;
✔ жалаң ырдын обону, ырчынын үнү жок варианты, же минусовка (өзүңүз музыканын коштоосунда ырдаганга), мындай клиптер “караоке минус” деп жарыяланган.
☑ ырчынын коштоосунда караоке кыргыз ырлары https://bit.ly/3i9RrBl
☑ үнү жок кыргызча караоке https://bit.ly/3i9Y1HV
🎥 Баардык клиптер тексттери менен берилген, обондун ыргагына жараша сапаттуу даярдалган караоке кыргызча ырлар.
🎵 “Ыркесе” каналына келип, сизге жаккан кыргыз обондорун уй бүлөңүздун ичинде, тууган-туушкандар менен, достор менен, жакшы санаалаштар менен чогуу ырдаңыз. Тойдо, шеринеде, туулган күндө ыркесе 🥣 уюштуруңуздар.
🎹 Биздин даярдаган караоке кыргызча ырларыбыз сизге жакса, лайк 👍 басып, досторуңуз менен бөлүшүңүз 🙋♂️, ошондо биздин каналга чоң салымыңызды кошкон болосуз! Каналга жазылууну унутпаңыз.
👍 ЫРКЕСЕ каналына жазылуу https://bit.ly/3tYphyJ
💬 Сизге жаккан кыргыз ырлары жок болсо, уялбастан комментарийде жазыңыз, колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз.
Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!
❗ ЭСКЕРТҮҮ:
© Чыгарманын автордук укуктары анын мыйзамдуу менчик ээлерине тиешелүү. Биздин канал жөн гана чыгарманы калың элге караоке форматында жеткирүү максатында пайдаланат. Эгерде сиз ушул чыгарманын менчик ээси болуп, анын караоке форматында таркатылышын каалабасаңыз, биздин дарекке кайрылыңыз.
Гүлжигит Сатыбековдун расмий ютуб-каналы: / gulzhigitsatybekov
#ыркесе #АпамдынЫры #ГулжигитСатыбеков #ГүлжигитСатыбеков #yrkese
======================================================
Текст песни «Апамдын ыры»
Сөзү, обону: Гүлжигит Сатыбеков
===============
Күн батып кайра ай чыкса,
Мезгилдер алга шашылса,
Кайрылбай кетти жаштыгым эй,
Артына бир аз кайрылса,
Артына бир аз кайрылса.
Чоң ата болуп, чоң эне,
Жетелеп калдык небере.
Чачымды бубак бастыбы эй,
Секелек элем кечээ эле,
Боз улан элем,
секелек элем кечээ эле.
Уулумдун тилеп өмүрүн,
Келиндин карап көңүлүн.
Дайрадай эле жаштыгым эй,
Турчу эмес беле көрүнүп,
Турчу эмес беле көрүнүп.
Тайата болуп, тайене,
Кыздардан көрдүк небере.
Чачымды бубак бастыбы эй,
Боз улан элем кечээ эле,
Секелек элем,
Боз улан элем кечээ эле.
Кылчайып артым издесем,
Жытыңды да бир искесем.
Алыстап кетти жаштыгым эй,
Арман жок эле бир келсе,
Арман жок эле бир келсе.
Кайната болуп кайнене,
Жаш кезек эми кайда эле.
Жаштыгым кайрып бергенсийт эй,
Көтөрүп алсам небере,
жетелеп алсам,
көтөрүп алсам небере.
Жаштыгым кайрып бергенсийт эй,
Жетелеп жүрсөм чебере,
Көтөрүп алсам,
Жетелеп алсам чебере.