🎵 Аксуубай Атабаевдин "Он сегиз жаш" ырын биз менен чогуу караоке ырдаңыз. Венера Сатылганованын аткаруусундагы варианты тексти менен.
🎤ВЕНЕРА САТЫЛГАНОВА - Он сегиз жаш ырынын үнү жок (минус) варианты • ОН СЕГИЗ ЖАШ - караоке минусовка кырг...
🎼 Кыргызча караоке издесеңиз, биздин каналга катталыныз 👌. Күн сайын жаңы ыр караоке форматында чыгып турат.
🎶 Кыргыз ырлары караокеге 2 түрдө киргизилген:
✔ сиз сүйгөн ырчынын аткаруусунда (ыр жаттоого жеңил болуу үчүн, ырчы менен чогуу ырдап, обонду кырааты менен ырдаганды үйрөнөсүз), мындай клиптер “караоке” деп белгиленген;
✔ жалаң ырдын обону, ырчынын үнү жок варианты, же минусовка (өзүңүз музыканын коштоосунда ырдаганга), мындай клиптер “караоке минус” деп жарыяланган.
☑ ырчынын коштоосунда караоке кыргыз ырлары https://bit.ly/3i9RrBl
☑ үнү жок кыргызча караоке https://bit.ly/3i9Y1HV
🎥 Баардык клиптер тексттери менен берилген, обондун ыргагына жараша сапаттуу даярдалган караоке кыргызча ырлар.
🎵 “Ыркесе” каналына келип, сизге жаккан кыргыз обондорун уй бүлөңүздун ичинде, тууган-туушкандар менен, достор менен, жакшы санаалаштар менен чогуу ырдаңыз. Тойдо, шеринеде, туулган күндө ыркесе 🥣 уюштуруңуздар.
🎹 Биздин даярдаган караоке кыргызча ырларыбыз сизге жакса, лайк 👍 басып, досторуңуз менен бөлүшүңүз 🙋♂️, ошондо биздин каналга чоң салымыңызды кошкон болосуз! Каналга жазылууну унутпаңыз.
👍 ЫРКЕСЕ каналына жазылуу https://bit.ly/3tYphyJ
💬 Сизге жаккан кыргыз ырлары жок болсо, уялбастан комментарийде жазыңыз, колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз.
Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!
❗ ЭСКЕРТҮҮ:
© Чыгарманын автордук укуктары анын мыйзамдуу менчик ээлерине тиешелүү. Биздин канал жөн гана чыгарманы калың элге караоке форматында жеткирүү максатында пайдаланат. Эгерде сиз ушул чыгарманын менчик ээси болуп, анын караоке форматында таркатылышын каалабасаңыз, биздин дарекке кайрылыңыз.
#ыркесе #18жаш #ВенераСатылганова #ОнСегизЖаш #yrkese
======================================================
Венера Сатылганова — Он сегиз жаш
Сөзү: Кемел Бакашов
Обону: Аксуубай Атабаев
Он сегиз жаш, о-и-ий,
Тоодо тунук булак белең?
Болбосо андан учкан бубак белең?
Кайрылбай кайда кеттиң, айтчы деги?
Адашып айлыңды мен сурап келем.
Адашып айлыңды мен сурап келем.
Он сегиз жаш,
Жайдын жарык таңы белең?
Болбосо боз туйгундун шамы белең?
Бир жолу кайрылгыстай тамшандырган,
Жылт эткен жаштыгымдын шамы белең?
Жылт эткен жаштыгымдын шамы белең?
Он сегиз жаш, о-и-ий,
Күндө беле сенин серең?
Болбосо жүрөгүмдүн теңи белең.
Кош эми, өкүнсөм да унутпаймын,
Өткөргөн өмүрүмдү сени менен.
Өткөргөн өмүрүмдү сени менен.
Кош эми, өкүнсөм да унутпаймын,
Өткөргөн өмүрүмдү сени менен.
Өткөргөн өмүрүмдү сени менен.
Өткөргөн өмүрүмдү сени менен.
Он сегиз жаш…