АЛАЙЫМ - АЛТЫН БЕШИГИМ
1.
Тамырым бир, каным бир,
тагдырым бир, жаным бир,
таазим кылам сага Алайым.
Тарых тактап айткандай,
ташка тамга баскандай,
табериги ата-бабамдын.
Кубанычы, жыргалы,
купуялуу сырлары,
жүз жылдардын кагып ыргагы,
жүрөгүндөй бүткүл ааламдын?
Кайырма:
Алай, Кудай берген жер белең!
Алай, кучагыңда термелем.
Алай, алтын бешигим.
Дастан кылып ырдайлы бийик экенин,
Даткалардын ыйык Мекенин.
АЛАЙ.
2.
Ак мөңгүлүү суу башы,
ата-бабам мурасы,
асман тиреп улуу тоолору.
Ак шумкары, тулпары...
Арстан мүнөз урпагы,
ар-намысы бийик, жогору.
Кас-душмандар чабылып,
кайратынан багынып,
аска-зоодон үндөр жаңырып,
айтып бүткүс дастан, жомогу.
Кайырма:
3.
Бейиш өңдүү сезилген,
бетегелүү керилген,
берекелүү Алай жеримден.
Ата салтын сактаган,
Ата-Журтун барктаган,
айланайын айкөл элимден.
Аты калып тарыхта,
даңкы кеткен алыска,
Даткалардын уул-кыздары,
дайым жарап турат намыска.
Кайырма:
4.
Ажайып кооз жер үчүн,
атпай журттуу эл үчүн,
ата-бабам каны төгүлгөн.
Тоо булак, суу... байлыгын,
топурак, кум... баардыгын,
артык көрөм жашоо, өмүрдөн.
Ак батадан куралып,
ак тилектен кубанып,
уюткулуу журттан Улуу Көч,
урпактардан турсун уланып.
Бешболуш МатисаковАЛАЙЫМ - АЛТЫН БЕШИГИМ
1.
Тамырым бир, каным бир,
тагдырым бир, жаным бир,
таазим кылам сага Алайым.
Тарых тактап айткандай,
ташка тамга баскандай,
табериги ата-бабамдын.
Кубанычы, жыргалы,
купуялуу сырлары,
жүз жылдардын кагып ыргагы,
жүрөгүндөй бүткүл ааламдын?
Кайырма:
Алай, Кудай берген жер белең!
Алай, кучагыңда термелем.
Алай, алтын бешигим.
Дастан кылып ырдайлы бийик экенин,
Даткалардын ыйык Мекенин.
АЛАЙ.
2.
Ак мөңгүлүү суу башы,
ата-бабам мурасы,
асман тиреп улуу тоолору.
Ак шумкары, тулпары...
Арстан мүнөз урпагы,
ар-намысы бийик, жогору.
Кас-душмандар чабылып,
кайратынан багынып,
аска-зоодон үндөр жаңырып,
айтып бүткүс дастан, жомогу.
Кайырма:
3.
Бейиш өңдүү сезилген,
бетегелүү керилген,
берекелүү Алай жеримден.
Ата салтын сактаган,
Ата-Журтун барктаган,
айланайын айкөл элимден.
Аты калып тарыхта,
даңкы кеткен алыска,
Даткалардын уул-кыздары,
дайым жарап турат намыска.
Кайырма:
4.
Ажайып кооз жер үчүн,
атпай журттуу эл үчүн,
ата-бабам каны төгүлгөн.
Тоо булак, суу... байлыгын,
топурак, кум... баардыгын,
артык көрөм жашоо, өмүрдөн.
Ак батадан куралып,
ак тилектен кубанып,
уюткулуу журттан Улуу Көч,
урпактардан турсун уланып.
Бешболуш Матисаков