4-июль: Менин жаным качан канааттанат?

Опубликовано: 17 Октябрь 2024
на канале: Жакшы Кабар
259
16

4-июль
Менин жаным качан канааттанат?
Жон Пайперден насаат сɵз

«Сенин Мага болгон сүйүүң алардын ичинде болушу үчүн, Мен алардын ичинде болушум үчүн, Мен Сенин ысымыңды аларга ачып бердим жана ачып бере берем»
(Жакан 17:26).

Эң жагымдуу нерсе менен түбɵлүккɵ чексиз жана кɵбɵйүүчү энергия, каалоо менен кубануу кандай экенин элестетиңиз.
Бул азыр биздин тажрыйбабыз эмес. Бул дүйнɵдɵ толук канааттанууга жетишибиз үчүн жолубузда үч нерсе турат.

Бул дүйнөдө эч нерсе биздин жүрөгүбүздүн эң терең каалоолорун канааттандырарлык деңгээлде баалуу эмес.

Бул дүйнөдөгү эң сонун байлыктардан жетиштүү деңгээлде ырахат алууга биздин күчүбүз жетишсиз.

Бул жерден алган кубанычыбыз аягына чыгат. Эч нерсе түбɵлүккɵ созулбайт.
Бирок эгер Жакан 17:26-аяттагы Ыйсанын максаты ишке ашса, анда мунун баары ɵзгɵрɵт. Ал Атасына биз үчүн мындай сыйынат: «Сенин Мага болгон сүйүүң алардын ичинде болушу үчүн, Мен алардын ичинде болушум үчүн, Мен Сенин ысымыңды аларга ачып бердим жана ачып бере берем». Кудай Уулун күнɵɵкɵрлɵрдү сүйгɵндɵй сүйбɵйт. Ал Аны чексиз сүйүүгɵ татыктуу болгондуктан сүйɵт. Башкача айтканда, Ал Ыйсаны абдан сүйүктүү болгондуктан сүйɵт. Кудайдын Уулуна болгон сүйүүсү - бул Кудайга толугу менен жагымдуу сүйүү. Ыйса Кудайдын Ɵз Уулундагы ушундай кубанычы биздин да Ыйсадагы кубанычыбыздай болушу үчүн сыйынат.
Эгер Кудайдын Уулундагы кубанычы биздин кубанычыбызга айланса, анда биздин кубанычыбыздын максаты болгон Ыйсанын жекече баалуулугу биз үчүн түгɵнгүс. Ал эч качан биздин көңүлүбүздү калтырбайт, биз үчүн кызыксыз же жагымсыз болбойт. Кудай Уулунан башка улуу байлык жок.
Андан тышкары, Ыйса биздин Аны ɵзүбүздүн байлыгыбыз катары кубана турган жɵндɵмдүүлүгүбүз, энергиябыз жана каалообуз адамдык алсыздыктар менен чектелбеши үчүн сыйынат. Кудайдын Ыйса менен кубануусу биздин да кубануубузга айланат.
Кудайдын Уулундагы кубануусу биздин ичибизде болот жана биздин кубанычка айланат. Бул эч качан бүтпɵйт, анткени Ата да, Уул да түбɵлүктүү. Алардын бири-бирине болгон сүйүүсү биздин Аларга болгон сүйүүбүз болот, ошондуктан биздин Аларга болгон сүйүүбүз да эч качан ɵлбɵйт.
Кудайдын кубанычтары аттуу китептен алынган үзүндү, 12-13-беттер

Жакшы Кабар Медиа. Төмөнкү баракчаларыбызда көбүрөөк маалымат каражаттарын тапсаңыз болот:
💻 Сайт: https://www.jakshykabar.com
✨ Instagram:   / jakshykabar  
🎵 Facebook:   / jakshykabarmedia  
🎼Twitter:   / jakshykabar  
📸Telegram: https://t.me/jakshykabar