7-декабрь
Даанышмандар үчүн Машаяк
Жон Пайперден насаат сɵз
«Ирод падышанын убагында, Жүйүт жеринин Бейт-Лехем деген шаарында, Ыйса төрөлгөндө, чыгыштан Иерусалим шаарына даанышмандар келип: «Жүйүттөрдүн жаңы төрөлгөн Падышасы кайда?» (Матай 2:1-2)
Лука жазган Жакшы Кабардан айырмаланып, Матай жазган Жакшы Кабарда акырда жаткан Ыйсаны кɵргɵнү келген койчулар жɵнүндɵ айтылбайт. Матай бүт көңүлдү дароо чыгыштан Ыйсага таазим кылганы келген чет элдиктерге – бутпарастарга жана жүйүт эмес адамдарга бурат.
Демек, Матай Ыйсаны ɵзү жазган Жакшы Кабарынын башында жана аягында жүйүттөр үчүн гана эмес, бардык элдер үчүн келген жалпы адамзаттын Машаяк катары сүрөттөйт.
Жогорудагы аяттарда биринчи таазим кылганы келгендер Ысрайылдан эмес, Чыгыштан – мүмкүн, Бабылдан келген сыйкырчылар, астрологдор же даанышмандар эле. Алар Эски Келишимдин диний мыйзамдарына ылайык, таза эмес деп эсептелген бутпарастар болгон.
Ошондой эле, Матай жазган Жакшы Кабардын акыркы саптарында, Ыйса Ɵзүнүн акыркы сɵздɵрүн мындайча айтат: «Асмандагы жана жер үстүндөгү бардык бийлик Мага берилди. Баргыла да, бардык элдерди Мага шакирт кылгыла» (Матай 28:18-19).
Бул сөздөр бутпарас болгон биз үчүн Машаякта кубануу жолун гана ачпастан, Анын Машаяк экендигин дагы бир жолу далилдеген, анткени кайра-кайра кайталанган пайгамбарчылыктарда элдер менен падышалар чындап эле Ага келип, дүйнөнүн башкаруучусуна кылгандай таазими кылышары айтылган. Мисалы, Ышайя мындай дейт: «Ошондо сенин жарыгыңа элдер келишет, сенин үстүңөн чыгып келе жаткан жаркыроого падышалар келишет» (Ышайя 60:3).
Ошентип, Матай Ыйсанын Ысрайыл эли үчүн эле эмес, бардык элдер үчүн Машаяк – Падыша жана Убаданы Аткаруучу экенин көрсөтүп, Анын Машаяк экенинин далилин келтирет.
«Биз Ага таазим кылганы келдик» аттуу насаат сɵздɵн үзүндү
Жакшы Кабар Медиа. Төмөнкү баракчаларыбызда көбүрөөк маалымат каражаттарын тапсаңыз болот:
💻 Сайт: https://www.jakshykabar.com
✨ Instagram: / jakshykabar
🎵 Facebook: / jakshykabarmedia
🎼Twitter: / jakshykabar
📸Telegram: https://t.me/jakshykabar