infocom kg

Опубликовано: 01 Июнь 2026
на канале: КЫЗМАТ ГУ
280
6

Күн сайын технологиялар санарип дүйнөсүнүн мүмкүнчүлүктөрүн баалаганга жол ачууда.
Жаңы IT чечимдер миллиондогон кыргызстандыктардын жашоосун жеңил жана ыңгайлуу кылууда. Бүтүндөй коомчулук жана ар бир жаран үчүн кызмат кылууга жасалган долбоорлор.
Инфоком мамлекеттик ишканасы – алдыңкы мамлекеттик IT-компания. Компания калкты тейлөө жана бизнес-процесстерди автоматташтыруу үчүн көптөгөн инновациялык технологияларды иштеп чыкты.
Инфоком – Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү Министрлигинин техникалык оператору.

Ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары
маалыматтык тутумдарды иштеп чыгуу, киргизүү жана коштоо;
калкты тейлөө борборлору;
мамлекеттик маанидеги документтерди персонификациялоо, анын ичинде паспортторду, айдоочулук күбөлүктөрдү, Мекен-карталарды;
мамлекеттик номерлерди өндүрүү, онлайн-порталынын аукциону аркылуу кооз жана кызыктуу комбинацияларды сатуу;
«119» бирдиктүү колл-борбору
документтерди санариптештирүү
маалыматтарды иштеп чыгуу борбору

Жогорку квалификациядагы программистер, ар түрдүү багыттагы тажрыйба, алдыңкы башкаруу, өз ишине берилген адистер.

Маалыматтык технологиялар (IT)
Бүгүнкү күндө «Инфоком» МИ мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, калкты каттоо жана документтештирүү, билим берүү, социалдык сектор, унаа жана айдоочулардын курамын эсепке алуу, саламаттыкты сактоо, шайлоо процесси жана күч түзүмү чөйрөсүндө 80ге жакын маалыматтык тутумду иштеп чыгуу жана техникалык колдоо көрсөтүү боюнча иш алып барууда.

«Түндүк» Ведосмтволор аралык Электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу 28 мамлекеттик органдын маалыматтык байланышы уюштурулду.

«Инфокомдун» тутумдары чет жактагы 48 мекемеге киргизилип, ийгиликтүү иштеп жатат.

Калкты тейлөө борборлору
Өлкө боюнча 30дан ашык калкты тейлөө борбору ачылган
Бир жылда калкты тейлөө борборлору аркылуу республика боюнча 3 миллиондон ашык кызмат көрсөтүлөт.
Калкты тейлөө борбору паспорт, ЖААК, жарандык, даректерди каттоо, мүлк, электрондук колдорду акысыз берүү боюнча кызмат көрсөтөт.

Мамлекеттик персонификация борбору азыркы учурда мамлекеттик маанидеги документтердин бир канча түрүн персонификациялайт
eID-карталары;
Биометрикалык жалпы жарандык паспорттор;
Дипломатиялык паспорттор;
Кызматтык паспорттор;
Улуттук үлгүдөгү айдоочу күбөлүктөрү;
Экипаж мүчөлөрүнүн күбөлүктөрү.
«Мекен-карт» - башка жарандыгы бар мекендештердин күбөлүктөрү.
МПБ – бул жарандардын жеке маалыматтарынын коопсуздугу, эл аралык стандарттагы сапаттуу документтер, заманбап жабдуулар, жолго коюлган үзгүлтүксүз иш алып баруу.

Номерлерди даярдоо мамлекеттик борбору
2 млндон ашык номер белгиси даярдалды.

nomer.srs.kg порталындагы онлайн-аукциону аркылуу өзгөчө комбинациядагы тамгалардан жана сандардан турган «өзгөчө» автономерлерди сатуу.
Мамлекеттик бюджетке түшкөн пайданын 91%ы автономерлерди сатуудан түшөт.

«119» Колл-борбору
Күн сайын 1500-2000ге чейин чалуу кабыл алынып, консультация жүргүзүлөт. Ал эми шайлоо учурунда чалуулар 15 миңге чейин жетет.
Инфоком бул Кыргызстанда санариптик чечимдеринин өсүшүнө өзгөчө дем берген адистерден турган күчтүү команда.
Инфоком – жаңы горизонттор.

Music: ROYALTY FREE Inspiring Corporate Music | Inspiring Background Royalty Free Music | MUSIC4VIDEO