БАЛ ТИЛ - Балдар ырлары: Баканын ыры – Караоке

Опубликовано: 05 Август 2026
на канале: БАЛТИЛ
70,444
217

БАЛ ТИЛ - Балдар ырлары: Баканын ыры – Караоке
Сөзү: Абдылда Карасартов
Обону: Камчыбек Букалаев


Зыяным жок эч кимге,
Тостогой көз бакамын.
Таш ыргытат тентектер,
Мен ошого капамын.

Мен ошого, мен ошого,
мен ошого, мен ошого
мен ошого капамын.

Ля-ля-ля-ля-ля-ля-ля-ля
Ля-ля-ля-ля-ля-ля-ля-ля
Ля-ля-ля-ля-ля-ля-ля-ля
Ква – ква – ква

Айласыздан көлчүккө
Кире качам секирип.
Далдасына көк чөптүн
Жашынамын бекинип.

Жашынамын, жашынамын,
Жашынамын, жашынамын,
Жашынамын, жашынамын бекинип.

Ля-ля-ля-ля-ля-ля-ля-ля
Ля-ля-ля-ля-ля-ля-ля-ля
Ля-ля-ля-ля-ля-ля-ля-ля
Ква – ква – ква

Так салбасын денеме,
Мен балдардан суранам.
Мага эч ким тийбесе,
Мен ошого кубанам.
 
Мен ошого, мен ошого
Мен ошого, мен ошого,
Мен ошого, мен ошого кубанам.

Ля-ля-ля-ля-ля-ля-ля-ля
Ля-ля-ля-ля-ля-ля-ля-ля
Ля-ля-ля-ля-ля-ля-ля-ля
Ква – ква – ква