Кыргызча минусовка караоке ТУРМУШ САБАГЫ тексти менен

Опубликовано: 02 Ноябрь 2024
на канале: Ыркесе
2,977
38

🎵 Нуркан Койчуманованын сөзүнө жазылган Алишер Мамадалиевдин "Турмуш сабагы" ырын биз менен чогуу караоке ырдаңыз. Ырчынын үнү жок (минусовка) варианты тексти менен.

🎤АЙЖАМАЛ КАБЫЛОВА - Турмуш сабагы ырынын үнү бар (плюс) варианты    • АЙЖАМАЛ КАБЫЛОВА - Турмуш сабагы - ка...  

🎼 Кыргызча караоке издесеңиз, биздин каналга катталыныз 👌. Күн сайын жаңы ыр караоке форматында чыгып турат.

🎶 Кыргыз ырлары караокеге 2 түрдө киргизилген:
✔ сиз сүйгөн ырчынын аткаруусунда (ыр жаттоого жеңил болуу үчүн, ырчы менен чогуу ырдап, обонду кырааты менен ырдаганды үйрөнөсүз), мындай клиптер “караоке” деп белгиленген;
✔ жалаң ырдын обону, ырчынын үнү жок варианты, же минусовка (өзүңүз музыканын коштоосунда ырдаганга), мындай клиптер “караоке минус” деп жарыяланган.

☑ ырчынын коштоосунда караоке кыргыз ырлары https://bit.ly/3i9RrBl
☑ үнү жок кыргызча караоке https://bit.ly/3i9Y1HV

🎥 Баардык клиптер тексттери менен берилген, обондун ыргагына жараша сапаттуу даярдалган караоке кыргызча ырлар.

🎵 “Ыркесе” каналына келип, сизге жаккан кыргыз обондорун уй бүлөңүздун ичинде, тууган-туушкандар менен, достор менен, жакшы санаалаштар менен чогуу ырдаңыз. Тойдо, шеринеде, туулган күндө ыркесе 🥣 уюштуруңуздар.

🎹 Биздин даярдаган караоке кыргызча ырларыбыз сизге жакса, лайк 👍 басып, досторуңуз менен бөлүшүңүз 🙋‍♂️, ошондо биздин каналга чоң салымыңызды кошкон болосуз! Каналга жазылууну унутпаңыз.

👍 ЫРКЕСЕ каналына жазылуу https://bit.ly/3tYphyJ

💬 Сизге жаккан кыргыз ырлары жок болсо, уялбастан комментарийде жазыңыз, колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз.

Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!

❗ ЭСКЕРТҮҮ:
© Чыгарманын автордук укуктары анын мыйзамдуу менчик ээлерине тиешелүү. Биздин канал жөн гана чыгарманы калың элге караоке форматында жеткирүү максатында пайдаланат. Эгерде сиз ушул чыгарманын менчик ээси болуп, анын караоке форматында таркатылышын каалабасаңыз, биздин дарекке кайрылыңыз.

#ыркесе #кыргызча_караоке #АйжамалКабылова #ТурмушСабагы #yrkese
======================================================
Айжамал Кабылова

"Турмуш сабагы"

Сөзү: Нуркан Койчуманова
Обону: Алишер Мамадалиев
====================================
Бул турмушта кайгырсам да чөкпөдүм,
Ийгиликке жеткенде да көппөдүм.
Жабыркадым, азап тарттым сүйүүдөн,
Ошондо да көз жашымды төкпөдүм.

Кээ бирөөлөр менде өчү барчылап,
Майда сүйлөп жан дүйнөмдү жанчылап.
Көрө албастар тузак жайып жолума,
Чыйралтышты, кайра мени камчылап.

Кайырма:
Суук сөзгө көңүлүмдү оорутпа,
Жаман көзгө карегимди соолутпа.
Оо, Жараткан, өзүң берген энчиң бул,
Өнөр жолдо жан дүйнөмдү толукта.

Ушак сөздөр сөөгүмө жеткенде,
Ыза болуп, жаш экенмин, ыйлагам.
Кыйын кезде достор чанып кеткенде,
Ошондо да жамандыкка кыйбагам.

Тагдыр экен, сыноо салды башыма,
Жаш экенмин, баарын чыдап көтөрдүм.
Дагы канча сыноо барын ким билет?
Бышып калдым, кыйналбастан өтөмүн.

Кайырма:
Суук сөзгө көңүлүмдү оорутпа,
Жаман көзгө карегимди соолутпа.
Оо, Жараткан, өзүң берген энчиң бул,
Өнөр жолдо жан дүйнөмдү толукта.

Суук сөзгө көңүлүмдү оорутпа,
Жаман көзгө карегимди соолутпа.
Оо, Жараткан, өзүң берген энчиң бул,
Өнөр жолдо жан дүйнөмдү толукта,
Өнөр жолдо жан дүйнөмдү толукта.