Баткендеги соңку окуяда өз үйүн таштап чыгууга аргасыз болгон жарандардын 6 миңге жакыны дагы деле үйлөрүнө кайта элек. Анткени алардын турак-жайы тажик агрессорлору тарабынан толугу менен өрттөлүп, тонолуп, жашоого жараксыз абалга келген. Ал эми айрым тургундар кооптопгондон өз үйлөрүнө бара албай жатканын айтат.