6-июль.
Машаяк ачууну кантип жеңген?
Жон Пайперден насаат сөз.
«Кордошкондо, Ал кордоо менен жооп берген эмес. Азап тартканда, эч кимди коркуткан эмес, бирок адилет Сотко тапшырган». (1 Петир 2:23)
Ыйсадан башка эч ким оор күнөө менен айыпталган эмес. Ага каршы ар бир сокку эч татыксыз болгон. Ыйсадан башка кадыр-баркка татыктуу эч ким жашаган эмес жана ошондой эле Ыйсадан да кемсинтилген эч ким болгон эмес.
Кимдир бирөөнүн ачууланып, өч алууга укугу болсо, анда ал Ыйса болчу. Чындыгында бузуку адамдар, анын жүзүнө түкүргөндө, Ыйса Өзүн кантип башкара алган? Мунун жообу 1 Петир 2:23тө «Кордошкондо, Ал кордоо менен жооп берген эмес. Азап тартканда, эч кимди коркуткан эмес, бирок адилет Сотко тапшырган».
Бул аяттын мааниси Ыйса Кудайдын келечектеги адилет сотунун ырайымына ишенгендигин билдирет. Ал бардык кыйынчылыктары үчүн өч алган эмес. Ал Өз кыйынчылыктарын Кудайдын колуна тапшырып, душмандары үчүн мындай деп сыйынган: « Ата, буларды кечире көр! Анткени эмне кылып жатышканын билишпейт».(Лука 23:34)
Петир бизге ушундай жашоого кантип үйрөнүшүбүз үчүн, Ыйсанын ишеними жөнүндө тереңирээк мындай деп айтат: « Анткени силер ушуга чакырылгансыңар. Себеби Машаяк да биз үчүн азап тарткан. Анын изи менен басышыбыз үчүн, Ал бизге үлгү калтырып кеткен».(1 Петир 2:21)
Эгер Машаяк Кудайдын убадаларына ишенүү аркылуу ачууланууну жеңсе, биз да ошону кылышыбыз керек. Ошондо дагы Ага салыштырмалуу эгерде адамдар бизге жаман мамиле жасаса, биздин жок дегенде арызданууга укугубуз бар.
«Келечектеги ырайым» насаат сөзүнөн үзүндү 267-бет.
Жакшы Кабар Медиа. Төмөнкү баракчаларыбызда көбүрөөк маалымат каражаттарын тапсаңыз болот:
💻 Сайт: https://www.jakshykabar.com
✨ Instagram: / jakshykabar
🎵 Facebook: / jakshykabarmedia
🎼Twitter: / jakshykabar
📸Telegram: https://t.me/jakshykabar