“Жездем мени башкага ыраа көрбөй койду”

Опубликовано: 22 Апрель 2026
на канале: SEREP_MEDIA
403,221
1.8k

"Биздин үй-бүлөдө эки гана кыз элек. Ата-энебиз көп жыл мурун кайтыш болгон... Ушундан уламбы, Касиет эжем экөөбүз бири-бирибизге аябай жакын чоңойдук. Экөөбүздүн бири-бирибизден жашырган сырларыбыз жок болчу. Бир күнү Касиет үй­гө жүзү жаркып кирип келди.
– Билесиңби, эмки айда Бакыт экөөбүз үйлөнмөй болдук...
– Ыя? Чын элеби?
Cүйүнгөнүмдөн ордумдан тура калып эжемдин бетинен өөп-өөп жибердим. Жездемдин адамгерчилиги, боорукерлиги, илбериңки мамилеси мага аябай жакчу. Бирок ага мен турмушка чыгып каларымды эч качан ойлогон эмес экенмин..."