#айтыш #акындар #кутмансадыбакасов #internewskg #төкмөакын #билимайтыш#элмирбекиманалиев #аалытуткучев#жеңишбекжумакадыр#айтышкер
Бурганагы буюктурган замандын,
Буктурмасын бузчу ким бар арамдын.
Бул кылымдын оош-кыйышын ал жетса,
Буйдалбастан айтып өтчү жаранмын.
Бул өмүрдөн өтсө кайтып келе албас,
Бук, арманын төккүм келет адамдын.
Чаалыкканда ойлор калат жыйылбай,
Чал кемпирдин баш-аяксыз ырындай.
Чырылдатат кээде турмуш пендени,
Чайга түшүп тызылдаган чымындай.
Чамасы аз өмүр экен кантейин,
Чарт үзүлчү комузумдун кылындай.
Өзүнүкү аз болгондой күнү-түн,
Өзгөнүн да кошо тартат күйүтүн.
Өч алышчу душмандан да жакшылар,
Өчүрө албай жашай берет үмүтүн.
Ким бирөөгө жалган арнайт бир инсан,
Ким бирөөгө айта албаган сүйүүсүн.
Канча күндү бош кетирип койгонмун,
Камоосунда турам азыр ойлордун.
Кайтпачудай кызыгы көп дүйнөдөн,
Кардым тойсо катуу уктап соолгонмун.
Кечээ гана күлүп, ойноп, бир жүргөн,
Элдар достон айрылганда ойгондум.
Азыр коомдо мүнөт сайын бурулуш,
Саат сайын сандап чыгат чуу, уруш.
Башаламан кылат кээде жашоону,
Бала кезден чыкпай калган бугубуз.
Душманына марттык кылган Манастын,
Тууганына кастык кылган муунубуз.
Өзүбүздү түртүп көңүл чөккөнгө,
Өмүр бою өкүнөбүз кеткенге.
Көпөлөктөй айланабыз багытсыз,
Көңүл бөлүп мааниси жок кептерге.
Ордун таппай жашаса да жалгандан,
Орду толгус адамдар бар өткөндө.
Айлана албай кайра кыргыз кыраанга,
Аргасыздан аңчы болдук жылаанга.
Ак тайлактай боздоп турат көкүрөк,
Алапайын таппай калган туманда.
Алтындарым ачалычы көздөрдү,
Аң сезимди байлап албай кумарга.
Оомат берип көкөлөтсүн багыңды,
Орой турмуш сындырбасын шагыңды.
Октой өтүп, тоскоолдуктун көбүнөн,
Оору сыркоо кейитпесин жаныңды.
Орду толгус пендесиңер ар бириң,
Оо замандаш жакшы көрөм баарыңды.