МИРБЕК_ИМАНБЕКОВ_ЖАЗ

Опубликовано: 07 Сентябрь 2026
на канале: Кыска musiC
1,800
17

" ЖАЗ "




Сагындым жазды, сагындым талаа гүлдөрүн,
Сагындым тоону, сагындым торгой үндөрүн.
Кадырын жаздын биринчи билдим мен бүгүн,
Кайдасың, жазым, кайдасың, менин сүйгөнүм?

Арманым күчөп, арылбай койдум санаадан
Аппак гүл издеп аргымак чапкам талаадан.
Ызгаары кыштын ызалап мени баратат,
Кайдасың, жазым, кайдасың, менин садагам?

Сагындым жазды, сагындым жаштык кезимди,
Сагындым отту, сагындым мөлтүр кезимди.
Үшүтпөй мени койнуңа катчы, жылытчы,
Кайдасың, жазым, кайдасың, менин сүйгөнүм?