Максаты: сомалык нерв системасынын кандай кызматты аткараарын, вегетативдик нерв системасынын тузулушун, симпатикалык жана парасимпатикалык ядролор кайсы жерде жайгашкандыгын жана парасимпатикалык жана симпатикалык нерв ситемасынын органдарга кандай таасир корсотоорун, нерв системасынын бузулушуна алкоголдун тийгизген таасирин тушундуруу
Четки нерв системасы аткарган милдетине жараша сомалык жана вегетативдик же автономдук (автономия-озун озу башкаруу) болуп 2ге болунот
1. Сомалык нерв системасы-скелет булчундарынын кызматын тейлейт
2. Вегетативдик нерв системасы-ички орган-ички органдардын иштерин жонго салат.
Биз аны башкара албайбыз, ошондуктан автономдук деген экинчи аты бар. М: биз каалагандай журоктун согушун тездетип же жайлата албайбыз же тердегенди токтото албайбыз.
Вегетативдик нерв системасы 2ге болунот:
1. Симпатикалык-борбордук жана четки болукко болунот. Борбордук болуктору мээде жана жулундо жайгашкан. Булар: вегетативдик ядролор д.а симпатикалык ядролор жулундун кокурок жана бел болукторунон орун алса
, парасимпатикалык ядролор жулундун куймулчак болугундо, ортонку, суйру мээде жайгашкан. Четки болуктору жулундон жана мээден тышкары орун алат.
Нерв систтемасынын ишинин бузулушу ар кандай таасирлердин натыйжасында болот. Жаны торолгон балдардын мээсинин оорууларын бактериялар козгойт, шал болуп же менингит дартына чалдыгышы мумкун.
Нерв системасынын ооруусу сасык тумоо кучоп кеткенде да байкалат. М:полиамитте- вирустар жулундун кыймылдаткыч нейрондоруна доо кетирип, булчундар жыйрылуу жондомдуулугун жоготот.
Нерв системасынын нормалдуу иштешине алкоголь менен тамеки да терс таасирин тийгизет. Алкоголь нейрондорду олтурот.мээге келген маалыматтардын иштетилип чыгуу процесси начарлайт. Ошондой эле наша апийим ото зыяндуу. Бангилик акыры олумго алып барат. Нерв системасына о.э М: жылан, жоргомуш,кара курт чакканда нерв системасынын иши бузулат. Эстен танууда ар дайым биринчи медициналык тез жардам корсотуу керек.
Мээнин жарадар болушу ошол жерге тиешелуу кызматтарынын бузулушуна алып келет. М: мээнин желке болугуно доо кетсе, корбой калат. Чон жарты шарлардын кыртышынын сол жагы кырсыкка учураса, адамдын суйлогону бузулуп, он колу буту шал болуп калат. Суйру мээге доо кетсе, адам олумго дуушар болот, анткени ал жерде кан айлануу, дем алуунун борборлору жайгашкан. Жулун четки нерв системасы кырсыкка учураса да кээ бир функциялары бузулат. М: жулундун бел болугуно доо кетсе адамдын басуусу кыйын болуп калат.