"НЕСТАН ДАРЕЖАН"-ИСИРАДИН АМАНБАЕВ

Опубликовано: 31 Июль 2026
на канале: Азамат Женишбек уулу
320
7

"НЕСТАН ДАРЕЖАН"-ИСИРАДИН АМАНБАЕВ

Сөзү: Э.Мамытовдуку
Обону: И.Аманбаевдики

Кечип таштап даңктан, атактан,
Келечегин издеп бараткан.
Кайгылуу шер дүйнө кыдырат,
Кайдасың сен, Нестан-Дарежан?

Кайырма:
Ак сүйүүнүн дайрасын кечип,
Азап-кайгы жүрөктү эзип.
Алоолонуп күйүп баратам,
Ансайын мен сүйүп баратам.
Аялзаттан башкача сезип...

Тоскоол болуп тура албаган,
Тоңгон музду ызгаар Бадахшан:
Тоону тешип өтөм сен үчүн,
Тосуп чыкчы, Нестан-Дарежан.

Кайырма:
Күнү-түнү чыкпай санаамдан,
Күйгөн шамсың мен деп жаралган.
Күйүт мени мыжып жатса да,
Күдөр үзбөйм, Нестан-Дарежан.