Токтогул районунда “Манас таануу” таймашы өзгөчө өттү!

Опубликовано: 04 Июль 2026
на канале: Nurbek Talantbekov
708
23

Камылгасы башкача,
Даярдыгы таптаза.
Токтогулдуктар таң кылды,
Толгон элди маң кылды,
Топтолгонго шаң кылды.
Топ балдары кыйкырса,
Тоодогу жерди чаң кылды.
Уюштуруу жагынан,
Көп аймакты дал кылды.
Токтолуп калбай каадасын,
Толкундабай шар кылды.
Көргөн жанды көксөтүп,
Кайталоого кар кылды.


Токтогул райондук “Манас таануу” таймашына 45 топ, жаш манасчылар сынагына 40 бала катышып, калың элдин бүйүрүн кызытты. Райондук администрация тарабынан 20 мугалимге сыйлык берилсе, Токтогул шаардык кеңеши тарабынан акчалай сыйлыктар берилди. Уюштурууга зор колдоо көрсөткөн Астра Боржуева башында турган Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнө, Токтогул шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Асыл Тулекеевага жана район башчысы-аким Акылбек Тюкебаевге ыраазычылык билдиребиз.

Баш байге Биримкулов мектеби
1-орун №32 Бекназар о.м "Аалам" тобу
2-орун №39 Жунусалиев о.м "Аккула" тобу
3-орун №29 Нургазиев о.м "Дил азык" тобу

Токтогул району (Кыргыз тилинде)
1-орун Ташыбекова Айназик
2-орун Токторбаев Алсеит
3-орун Шайзинов Алинур
3-орун Акматбеков Бексырга

Токтогул району (Чет тилинде)
1-орун Калбаева Айтунук
2-орун Акимжанова Диана
3-орун Асылбекова Диана