Өлкөдөгү жолдорду оңдоо, жаңы каттамдарды куруу үчүн 2022-жылы башка жылдарга салыштырмалуу республикалык бюджеттен акча көп бөлүндү. Көлөмү: 7 млрд 710 млн сом. Бул каражаттарга 600 чакырым жол жасалып, оңдолду. Анын 400 километрине асфальт төшөлдү. Бул башка жылдарга салыштырмалуу жакшы көрсөткүч. Кыргызстан эгемендикти алгандан бери бир жылда бюджеттин эсебинен 600 чакырым жол жасала элек болчу.
Муну менен катар эл аралык өнөктөштөрдүн каражаттарына бир катар ири долбоорлор ишке ашууда. Стратегиялык мааниси терең инвестициялык долбоорлор: Түндүк-түштүк альтернативдик жолу; Маданият – Жалал-Абад; Бишкек – Кара-Балта; Түп – Кеген жолдору.