Бишкек шаарында 19-20-декабрь күндөрү "9 га 19" ок атуу спорттук комплексинде Тапанча жана ПСС Карабин боюнча Кыргызстандын Кубогу 2020 мелдеши орун алды. Бул спорттук мелдеш Кыргызстанда быйыл 3-жолу өткөрүлүүдө. Буга чейин жыл башынан бери 3 этабы болгон. Бул ирет мелдештин финалдык этабы өттү.