Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өлкө боюнча бир катар энергетикалык долбоорлор ишке ашырылууда
❗️Анын ичинде мамлекет тарабынан каржыланган Талас облусунун Киров суу сактагычынын төмөнкү бьефинде “Бала-Саруу” кичи ГЭСи курулууда.
✅ Учурда долбоор боюнча болочок ГЭСтин жогорку чыналуудагы электр берүү линиясынын курулушуна керектелген материалдар толугу менен алынып, курулуусу пландалган 31 тирөөчтүн 18и чогултулуп, орнотулду.
✅ Жабык электр бөлүштүрүүчү жабдуу курулмасынын, башкача айтканда ЗРУга керектелген курулуш материалдары камсыздандырылууда жана курулманын фундаменти үчүн нөлдүк белгисине чейин бетон куюлуп бүттү. Бүгүнкү күндө ЗРУ имаратынын колонналары тургузулуп, экинчи кабатынын бетон иштери уланууда. .
✅ Бала-Саруу ГЭСинин агрегаттарынын иштөөсүн камсыз кылган суу түтүктөрүн курууга керек болгон темир материалдарынын дээрлик көпчүлүк бөлүгү Бишкек шаарындагы тиешелүү сактоочу жайларга жеткизилген.
✅ Мындан сырткары болочок ГЭСтин коопсуз жана сапаттуу иштөөсү үчүн Киров суу сактагычынын плотинасында жайгашкан суунун агымын жөнгө салуучу жабдыктарын (мостовой кран, ремонтные затворы) ондоп-түзөө, жанылоо иштери аткрылууда.
Бала-Саруу ГЭСин 2023-жылдын соңунда ишке берүү пландалууда.