• Салык кызматкерлери
Ала-Бука районунун аймагында жайгашкан базарлардын ишкерлерине башка салык режимине өтүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
• Жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлерге бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасынын шарттары жана электрондук салык кызматтары жөнүндө кеңири айтып беришти. Мындан тышкары, ишкерлер ЭЭФти, ЭТТКны жана ККМди колдонуу боюнча маалыматтар менен таанышышты.
Эскерте кетсек, 2024-жылдын 1-июлунан тартып өлкөнүн аймагында патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотулат. Белгиленген күнгө чейин патент менен соода кылган ишкерлер башка ылайыктуу салык режимин тандашы керек.