Ак тамак, көк тамак | Эң мыкты комуз күүлөрү

Опубликовано: 09 Сентябрь 2026
на канале: Жаныбек Усайыров
73,730
224

Атай Огонбаев атабыздын "Ак тамак, көк тамак" деген күүсү элге кеңири белгилүү, уккулуктуу күүлөрдүн бири. "Ак тамак, Көк тамакты" чертүүнү самаган комузчулар арбын. Бул күүнүн окуясы төмөндөгүчө:

Ак тамак, Көк тамак аттуу эки чымчык болот. Ак тамагы — аялы. Көк тамагы — күйөөсү. Булар Таласта "Кең-Кол" атанын тушундагы токойдун ичинде чынар терекке уя салып, турмуш куруп жашап турушат. Күңдөрдүн биринде аялы Актамак күйөөсү Көктамакка мындай дейт: —Таласың ак кар, көк муз кетпеген, мөмө-сөмө бышпаган салкын жер болот экен. Андан көрө Аксы тарапка кетели. Ал жакта коон, дарбыз, курма, алма, өрүк, шабдалы, жүзүм ар түрдүү жемиштер көп.
Анда күйөөсү Көктамак: — Эй Актамак ынагым. Таласта эле туралык. Аксы тарапты мындай ташта, Талас Манас атам жайлаган жер эмеспи. Жайдын толук кезинде кыз жытындай атыр жел. Шагырап коюлган шагылы жок, куюн учураар чаңы жок, жайыты кенен, токою калың, балыгы сууда ойногон мындай башка жер табылабы?
Анда аялы Актамак: — Анда экөөбүз сайрашалы, жеңгенибиз жеңилгенди ээрчитип кете берели, — дейт.
Ага күйөөсү макул болуп, экөө сайрап башташат.

Улам алым-сабак сайрашып, биринин кайрыгын бири толуктап, ааламды шаңга бөлөшөт. Акыры күйөөсү Көктамак жеңилип, Чынардан учуп чыгышып, Кара-Бууранын өзөнү менен канатын каккылап, Аксы тарапты көздөй сапар улашат.



#актамаккоктамак #комуз #комузкуулору #комузкүүлөрү



http://beshbarmak.info/komuzkursu