Бишкекте "Акнет" компаниясынын кызматкерлери Кубан Ажумидиновго каршы митинг өткөрүштү

Опубликовано: 20 Сентябрь 2026
на канале: Bars Media
109
1

“Акнет” компаниясынын мурунку жетекчиси Кубан Ажимудиновдун адвокаты Абас Мамбетакунов маалымат-жыйын өткөрүп, өзү жактоого алган Кубан Ажимудиновдун жоопкерчиликке тартылбоосу керек экендигин билдирди.
Интернет-провайдеринин юристи Рустам Абдурауфовдун айтымында, компанияны камоого алуу мүмкүн эмес, анткени түптөөчүлөрдүн курамы өзгөргөн жок. “Компаниянын иштеп жаткан жамааты бар. “Акнеттин” ишмердүүлүгү Кубан Ажимудиновго карата козголголн кылмыш иши менен байланышкан эмес. Учурда түшүп жаткан кирешени ар бир түптөөчү алат, анын ичинде ал дагы. Буга чейин Ажимудиновдун эсебине акча каражаты которулган. “Акнеттин” кассасынан 300 миллион сом накталай акча бөлүнгөн. Мына ошондон кийин сот Кубан Ажимудиновго акча бөлүүгө чектөө коюу чечимин чыгарды. Анын укугун бузбоо үчүн башка түптөөчүлөргө да дивиденддерди бөлүүнү токтотуу чечими чыгарылды. Бирок акча чогулуп жатат жана Ажимудинов сот тиешелүү чечим чыгарары менен ал акчаларды ала алат”,- дейт Рустам Абдурауфов.
Белгилей кетсек, маалымат-жыйындан кийин Бишкекте “Акнеттин” кызматкерлери Кубан Ажимудиновго каршы митингге чыгышты. Кызматкерлердин бири Мирбек Сопиев катардагы кызматкерлерди уюштуруучулардын ортосундагы чыр-чатак кызыктырбайт жана аларга туруктуу жумуш менен айлык акы гана керек экендиги билдирди.
Компаниянын кызматкерлери билдиргендей, Ажимудиновдун тушунда алардын айлык акысы 8000ден 12 000ге чейин болгон. Ал эми учурда жаңы жетекчилердин алдында алардын айлык акысы өсүп, ай сайын 20 000ден 40 000ге чейин акча иштеп табышууда.