Достор,
2022-жылдын 25-июлунан 15-сентябрына чейин өлкөнүн бардык аймактарында өткөн финансылык сабаттуулук боюнча семинарлардан видео репортажды сунуштайбыз. Бул видеодон сиз семинарларда финансылык сабаттуулук боюнча тренерлер эмнени окутарын, ошондой эле семинарлардын катышуучуларынын пикирлерин биле аласыз.
Бул иш-чараларды колдогондугу үчүн өзүнчө @ЕККУга ыраазычылык билдиргибиз келет. Биргелешкен иштин аркасында финансылык сабаттуулук боюнча эки күндүк 42 семинар өткөрүлдү, ал эми катышуучулардын жалпы саны 900дөн ашты.