Кыргызстандагы «Тойбосс» компаниясы өз азыктарынын жогорку сапатын жана коопсуздугун эл аралык TÜV Thüringen e.V., ISO 22000:2005, ISO/TS 22002-1:2009 жана FSSC 22000 стандарттарына ылайык камсыз кылат.
Компаниянын касапканасы бир сменада 22 тонна тирүүлөй салмакты иштетет жана Кыргызстан менен Бажы биримдигинин мыйзамдарына ылайык иш алып барат. Булгоо коркунучун азайтуу максатында, өндүрүш ХACCП принциптерине ылайык жүргүзүлөт.
Мал кылдат ветеринардык кароодон өткөндөн кийин гана кабыл алынат. Союлган соң, малдын эти жана ич эттери ветеринардык-санитардык экспертизадан өткөрүлөт. Андан кийин, мал доктуру корутунду чыгарып, уруксат берген соң, эттер колбаса азыктарынын өндүрүшүнө жеткирилет. Ал жерде, коопсуздукту камсыздоо максатында, аларды кабыл алуудан мурда үчүнчү ветеринардык көзөмөл жүргүзүлөт.
Жумушчулар коргоо кийимдери менен камсыз кылынып, үзгүлтүксүз тренингдерден өтүп турушат. Иш жеринде санитардык жана коопсуздук шарттары бекем сакталат.
*
Тойбосс гарантирует высокое качество и безопасность своей продукции, сертифицированной по международным стандартам (TÜV Thüringen e.V., ISO 22000:2018, ISO/TS 22002-1:2009 и FSSC 22000).
Убойный цех обрабатывает 22 тонны живого веса за смену, соблюдая требования законодательства и принципы ХАССП. Продукция соответствует халал стандартам, подтвержденным Духовным управлением мусульман Кыргызстана.
Животные проходят тщательный ветеринарный осмотр, а продукция — три этапа контроля, включая санитарную экспертизу. Работники обеспечены защитой и регулярно обучаются для поддержания высокого уровня санитарии и безопасности.