Нурмат Садыров - Эрке Кыял

Опубликовано: 23 Сентябрь 2026
на канале: Нурмат Садыров
254,210
2.3k

♪ Нурмат Садыров - Эрке Кыял / Жаңы клип 2021

Скачать: https://band.link/erkekyal

✔ Каналга кошулуңуз: https://bit.ly/3lmpFBz

Нурмат Садыровдун расмий баракчалары:
instagram:   / nurmat_sadyrov  

сөзү. Жылдызбек Турсунбаев
обону. Эдил Маматов

Текст:

Каректе жылдыз жыбырап,
Караган жигит жыгылат.
Садагам, кичинем,
Сан кыздын ичинен,
Бир сенин үнүң угулат.

Күлгөнүң шыңгыр булактай,
Турушуң мөлтүр сымаптай.
Жылмайсаң жаз болуп,
Жытыңа мас болуп,
Жүрөгүм барат чыдатпай...

Кош алмаң бойго тирелип,
Көңүлдү кеттиң имерип.
Сезимим дүк-дүк-дүк,
Дүйнөмдү бүт-бүт-бүт,
Берсемби сага түбөлүк?!

Жайнаса жибек саамайың,
Жанымды сага чабайын.
Жүрөгүм бош-бош-бош,
Жүзүңдү тос-тос-тос,
Бир жолу өөп алайын!

#НурматСадыров #ЭркеКыял

▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬

Бардык уюштуруу иштери боюнча суроолор үчүн:
Менеджер +996550869393

© ℗ Infinity Music. All rights reserved. Music and Video are Copyrighted