Аччы Теңир көздөрүмдү
Көк асман сырын көрөйүн
Күнөөнүн арылуу жолун
Көрсөт мен да бошонойун
Сени күтөм жообун берчи
Өз эркиңди ачып берчи
Оо Ыйык Рух көзүмдү ач
Жарыгыңды чач
Теңир Сени угайынчы
Сенин акыйкат сөзүңдү
Түбөлүк чындык сөздөрүң
Уккандын бары ишенсин
Сени күтөм Өзү ң келчи
Чындыгыңды ачып берчи
Оо Ыйык Рух угайынчы
Сырларыңды ач
Теңир Өзүң жетектесең
Сенин сөзүңдү айтайын
Жүрөгүмдөн Сенин сүйүүң
Төгүлүп турсунчу дайым
Сени күтөм тезирээк кел
Акылман сөздөрүңдөн бер
Оо Ыйык Рух жүрөгүм ач
Мыйзамыңды жаз