Баткенде акыркы күндөрү чек ара айылдарында чыңалуу чыга калып, эл топтолуп борбордук бийликтин көңүлүн буруу учун аракет жасап, жазгы талаачылык иштери башталып жаткандагы талаш-тартыштарды чечүү башкы маселеге айланып жатканда Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.