Автор: Бек Борбиев
Аранжировка: Улукбек Рахманкулов
Кош сүйүү
Канат бар бирок олтурам учпай
Өз тобун таппай адашкан эй куштай
Катылуу калсын кош сезим
Арманым кантем жашырбай?
Припев
Жүрөк бир сүйүм кош болуп
Ортодо жүрөм кор болуп
Жаза бер менин күнөөмду
Жаратканым о калдым тордолуп
Суу жеткис аска гүлүндөй
Тозокто күйөм тирүүлөй
Кайгыда жашайм өмүрдү
Өзүмдү мен ай өзүм күнөөлөйм
Оорутат жүрөк жараты сыздай
Жашынып өмүр ачылбас эй сырдай
Катылуу калсын кош сезим
Арманым кантем жашырбай
#жаңыыр #шерзатиминакун #2023