Нурс Сыртбаев - СУЛУУГА | Жаны клип | 2023

Опубликовано: 08 Сентябрь 2026
на канале: Нурс Сыртбаев🎶
15,887
233

Скачать и слушать https://infinity.ffm.to/nurssyrtbaev
#Нурссыртбаев
#Сулууга
Сөзү: Асанкалый Керимбаев
Обону: Алыкул Осмонов

Кош, жан эркем, кош дейсиң деп таарынба,
Мени күтпө, мени эстеп, сагынба.
Жаш кездердей ынак сүйүү жок экен,
Отуз жаштын улам аркы жагында.

Кош, сүйгөнүм, коштошордо жалынба,
Сен жакшы элең мен сүйө элек чагыңда.
Ак сүйүүдөн көңүл калуу көп экен
Отуз жаштын улам аркы жагында.

Сен бир кептер боз шумкарын түнөткөн,
Унутулган учар замат түнөктөн.
Сүйүү деген сүйүү эмес эринден,
Сүйүү деген — от чачышуу жүрөктөн.

Сен бир бакча мөмөлөрүң келишкен,
Мен жүргүнчү ооз тийген жемиштен.
Сүйүү деген сүйүү эмес бетиңден,
Сүйүү деген — сүзүп өтүү деңизден.