Нурс Сыртбаев& Арген Эсенбай Уулу- "Акча"

Опубликовано: 29 Август 2026
на канале: Нурс Сыртбаев🎶
1,714
59

ХИТ 2021
текст: "АКЧА АКЧА"

Даяр болуп өзүң үчүн баарына
жашоом сага байланды да калды да
кайдан табам,качан алам канча алам?
деген ойлор жашап калган баарында

Сенсиз күндөр өтпөчүдөй сезилип
иштеймендин да өзүң үчүн берилип
күн түнүмдү,бүт күчүмдү берсем да
жетпей койдуң жалдыратып кейитип


Жашоондун баардыгы тен акча акча
Мен билем акча сенде пачка пачка
Берчи мага, акча гана
Бермек мага, берем кайра
Акча гана, акча гана

Бермекмин бироолорго карыз акча
Чалышат тынчымды алып кайра кайра
Акча кана?акча кана?
Акча гана керек мага
Берчи мага, берем кайра

Атыңарды атап койгон акча деп
кайда барсаң кимге барсаң акча кеп
элдин баарын байлап алган акча бек
жаман көрөм бирок жашайм акча деп

Болду эми өзүң үчүн иштебейм,
үй бүлөөмдү өзүң үчүн иштетпейм,
кордоп ийдиң кыйнап ийдиң бүлөөмдү
өзүң издеп келмейинче издебейм


текст : АРГЕН ЭСЕНБАЙ УУЛУ #аргентамада
обону: НУРС СЫРТБАЕВ #нурссыртбаев