МЕКЕНИМДИ СҮЙӨМҮН
Сөзү: Жеңишбек Жумакадр
Обону: Бакай Джумабаев
Мөл булактай тилегим,
Менин бекем тирегим.
Мээрим төккөн көңүлгө,
Мекенимди сүйөмүн.
Жери жакын асманга,
Эли жакын асманга.
Мен-кыргыздын баласы,
Мекеним деп айтканга.
Суктанамын, жүрөмүн,
Суудай таза жүрөгүм.
Манас бабам сыяктуу,
Мекенимди сүйөмүн.