#Караоке, #Балакай_балдар_ырлары, #Балдарга_ырлар, #Балдар_ырлары, #Балдарга_караоке,
Жылгаяк
Сөзү: Б. Асаналиев
Музыкасы: Г. Садыбакасова
Тебебиз жылгаяк,
Тамандар сыйгалак.
“Тентектер” дегенсип,
Теребел жылмаят.
Жалгыздан экиден,
Чиркешип жетиден.
Тебебиз жылгаяк,
Тээ бийик секиден.
“Бол, бол” – деп шаштырат,
Жыгылсак бат туруп.
Кайрадан тебебиз,
Кайгысыз каткырып.