“Альянс Алтын” компаниясы ата мекендик экспорттун өсүшүнө кызыктар

Опубликовано: 17 Июль 2026
на канале: Коом пресс
341
0

“Альянс Алтын” компаниясы Бишкекте өткөн “TradEx” соода системалары боюнча өткөн көргөзмөнү уюштургандардын бири болду.

Эл аралык ишкерлер кеңеши менен биргеликте өткөрүлгөн иш-чарага 20дан ашык көргөзмөчү, 20 эл аралык уюму жана элчиликтер, 300гө жакын жергиликтүү компаниялар катышты. Катышуучулар чек ара соодасындагы бардык негизги преференциялар менен таанышууга, бизнестин актуалдуу маселелерин талкуулоого, идеяларды алмашууга жана жаңы өнөктөштөрдү табууга уникалдуу мүмкүнчүлүк алышты.

“Биздин көптөгөн ишканалар атаандаштыкка жөндөмдүү өнүмдөрдү чыгарып, экспорттоого даяр. Биз алардын өз потенциалын ишке ашыруусуна жардам бергибиз келет. Ошондуктан, көргөзмөгө катышып жатабыз. Мүмкүн болушунча ата мекендик көп ишканалар өз товарлары менен тышкы рынокко чыгып, ал жактан өз орундарын табат”, - деп ишенебиз”, - дейт “Альянс Алтын” ЖЧКсынын долбоордук менеджери Чыңгыз Баканов.

“Альянс Алтын” компаниясы бюджетке бардык салымдарды кошуп, Талас облусунун өнүгүшүнө салым кошуп келүүдө. Анын ичинде аймактын экспорттук потенциалын ишке ашыруу да бар. Жалпысынан алганда, компания Талас облусун өнүктүрүү фондуна 377,2 млн. сом, Талас райондук өнүктүрүү фондуна 226,3 млн. сом жана Бекмолдо айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү фондуна 150,9 млн. сом которгон.

Компаниянын социалдык жана кайрымдуулук долбоорлорун ишке ашырган өзүнүн Өнүктүрүү фонду да бар. Ал аркылуу буга чейин 900 млн. сомго 565 долбоор каржыланган.

“TradEx” көргөзмөсүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов “Альянс Алтын” ЖЧКсынын Талас облусунун экономикасына кошкон салымын белгиледи.

Компаниянын аркасы менен бул аймак 2022-жылы инвестициянын көлөмү боюнча Кыргызстандагы лидер аймактын бири болуп калды.

“Талас облусуна инвестициянын жалпы агымы 107,2 млн. долларды түздү. Анын 104,5 млн. доллары “Альянс Алтын” компаниясы ишмердүүлүк жүргүзгөн Талас районуна туура келген”, - деди ал.