Чаткал районунун иш учурунда каза болгон прокурору Бакирдин Жанузаковдун үй-бүлөсүнө төлөнө турган 21,7 миллион сом кенемте коомчулукта чоң талкууга жем таштады. Айрымдары бул сумма өтө көптүк кыларын жана мындай чоң каражатты өлкө экономикасы көтөрө албайт дешсе, кээ бири прокуратура менен сот органдары мыйзамдарды аша чаап өздөрүнө тууралап алганын айтып, сындап дагы чыгышты.
Ошол эле кезде айрым юристтер, 21 миллион 699 миң сом кенемте берүү деген албетте, өлкөбүз үчүн абдан чоң каражат экенин, бирок 2019-жылы июль айында ошол кездеги парламенттин “Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” кабыл алган мыйзамына ылайык, кызматкер кызмат өтөө мезгилинде жарадар болсо, жаракаттын же ооруга чалдыгуунун кесепетинен каза тапса, анын үй-бүлөсүнө акыркы кызмат орду боюнча орточо жылдык эмгек акысынын эсебиндеги 20 жылдык эмгек акы өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилерин, бул пункт мыйзамда так, даана көрсөтүлгөнүн баса белгилеп айтышты.
Андыктан юристтер, мыйзамда жазылгандан соң, бул сөзсүз аткарылыш керектигин, болбосо депутаттар мыйзамды кайрадан карап чыгып, балким кенемтенин суммасын азайтуу боюнча демилге көтөрүп, өзгөртсө болорун билдиришти.
Бирок анткен менен укук коргоо органдары өз ден-соолугун, өмүрүн тобокелге салып жатышат. Бул факторду дагы эске алуу керек дешүүдө.
Ал эми Башкы прокуратура бул бир эле прокуратурага тиешелүү эместигин, бул баардык эле укук коргоо органдарына, тактап айтканда УКМК, ИИМ, Бажы кызматы, Салык кызматы, Жазаларды аткаруу кызматы өңдүү баардык мамлекеттик органдарга тиешелүү экендигин маалымдады.
Анан дагы, каза болгон ар бир прокуратура кызматкерлерине мындай камсыздандыруу суммасы төлөнүп берилбейт. Бул бир гана учурда кызматын аткарып жатып, каза болгон кызматкерлерге гана КР прокуратурасынын Конституциялык мыйзамына ылайык камсыздандыруу (компенсация) суммасы бир жолу төлөнүп бериле турганы айтылды.
Белгилей кетсек, мындай компенсация төлөп берүү учуру акыркы 20 жыл ичинде 1 жолу гана катталган.
Дагы баса белгилей кетчү жагдай, бул талаш жараткан 21 миллион сом кенемте тууралуу бүгүн өлкө башчы дагы үн катты.
Анда президент Садыр Жапаров укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызмат өтөө учурунда каза болгон учурда бериле турган компенсациялык төлөм берүү маселесин изилдеп чыгууну тапшырды.
Тагыраагы, компенсация суммасы бюджетке оорчулук келтирбей тургандай жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй бүлөлөрүнө колдоо болгудай кылып, мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун берүү тапшырмасы берилди.