Динара Акулова - Ойлорум сага (+текст)

Опубликовано: 13 Июль 2026
на канале: MURAS MUSIC
81,073
271

Сөзү: Б. Борбиевдики
Обону: Б. Борбиевдики

Түйүнүн тапчу элем түркүн сырдын
Табышмак жылмаюуңа неге сындым?
Сыйкырлап койдуң окшойт көңүлүмдү
Жөн жүргөн жүрөгүмдү эмне кылдың?

Ойлорум сага,
Кыялым сага,
Жан дүйнөм сага, сага
Сен жакка барам
Ойлоймун сен деп,
Кыйналам сен деп.
Делебем сен деп күйүп жанат.

Болот го бул жөнүндө жазса баян,
Түшүмдө сен жөнүндө келген аян.
Сүрдөтүп сүрдөбөгөн жан элем го
Карасаң көздөрүңдөн неге таям?

#ДинараАкулова #ретро #кыргызырлары