Асылбек Өзүбеков - Шок кыз (+ текст)

Опубликовано: 16 Июль 2026
на канале: MURAS MUSIC
13,681
19

Сөзү : Э.Ибраевдики
Обону : А.Өзүбековдуку

Оюнуң эстен чыккыс,
Ойлосом ичим тыз-тыз.
Өрт салган жигиттерге
Өтө шок кызсыз.

Кыздардын сулуусусуз,
Кызык кеп куруучусуз.
Кулундай кол тие элек
Куюндан туруучусуз.

Ак чөлмөк ыргытпайсыз,
Асманда жылдыздайсыз.
Акырын колду сунса
Азоодой ыргыштайсыз.

Кайылбыз аныңызга,
Кымбатсыз баарыбызга.
Жүрөсүз жигиттерди
Жолотпой жаныңызга.

Өйдөлөөр жашыңыз да,
Өзгөрөөр атыңыз да.
Турмуштун бир жүгөнү
Түшкөндө башыңызга.

Оюнуң эстен чыккыс,
Ойлосом ичим тыз-тыз.
От чачкан жүрөктөргө
Өтө шок..шок кызсыз.