Өмүр
Обону: Асылбек Өзүбеков
Сөзү: Элдики
Өмүр деген кыпкызыл гүл жайнаган,
Өмүр деген булбул бакта сайраган.
Өмүр барда өкүнбөстөн ойноп-күл,
Өмүр өтсө, жаратылбайт кайрадан.
Бирде өмүр чалкып жаткан көлдөйсүң,
Бирде өмүр салкын соккон желдейсиң.
Каалаганча пайдалана бергидей,
Же өмүр сен колдо буюм эмессиң.
Жашчылыгым кайда калып баратат,
Өмүр өтсө ак чач кылып жаратат.
Арт жагымдан ак жоолугун булгалап,
Алыс калды айланайын, кагылайын бала чак.
Узунбу өмүр же кыскабы ким билет?
Акыр бир күн сокпой калаар бул жүрөк.
Сыйлашалы өмүр өтүп кеткенче,
Көңүл калуу өлүмдөн да күчтүүрөөк.