Пайгамбарыбыз (с.а.в) тагдыр тууралуу көп сүйлөшпөгүлө дегенби? Пайгамбар (с.а.в) бир хадисинде минтип айткан: “Тагдыр тууралуу көп сүйлөшпөгүлө. Тагдыр – бул Аллахка таандык сыр. Аны чечмелегенге аракеттенбегиле.”
Анда тагдыр тууралуу такыр сөз сүйлөшпөш керек экен деген ой келет. Жок, андай эмес. Албетте бул хадис бизди тагдыр маселесин кеп кылуудан жана аны түшүнүүгө аракет кылуудан тыйбайт.