АЛЛАХТЫН КУДДУС ЫСМЫ!

Опубликовано: 07 Август 2026
на канале: БЕЙИШ НУРУ
23,406
1.2k

Аллахтын 99 Ысым Сыпаты – Куддус Ысымы.
Аллах – Куддус Зат. Б.а. бүткүл кемчиликтерден аруу. Алсыздыктан, жакырлыктан, күчсүздүктөн ж.б. бүтүндөй кемтиктерден алыс. Бул Ысымдын; жаратылган баардык жандыктарды материалдык жана руханий кирлерден тазалаган Зат – деген мааниси да бар. Арийне сулуулук – сулуулуктан келет. Жан дүйнөсү сулуу болгон кишиден жакшы мамиле, колу гүл устанын колунан – кооз иштер чыккандыгы сыяктуу, тартуу-сыйлыктар да – жоомарттыктан, байлык – бардарлыктан келет. Анын сыңары бул аалам, бүтүндөй сулуулугу менен Жараткан Аллахтын сулуулугуна, кемчиликсиздиги менен Анын чексиз илимине, тартиптүү аракети менен Анын теңкелгис Кудуретине, казыналары менен Аллахтын бүтпөс Байлыгына, тартуулары менен – түгөнгүс Жоомартыгына ишаарат кылат. Мына ушул сыяктуу эле аалам бүткүл сулуулугу жана кемтиксиздиги менен Жараткан Аллахтын Куддус ысымына күзгүлүк кылат.