Сел. Кээде адамдын өмүрүн алган, көбүнчөсү мал-мүлктү жууп кетирген табигый кырсык. Жыл башынан бери толтура жерди суу каптады. Дубай, Казакстан, Өзбекстан, Оруссия болуп отуруп, бул балээ өлкөбүзгө да жетип келди. Тагыраагы 28-июнь күнү Ноокат жергесинде апааттуу бир сел жүрдү. Учурдан пайдаланып ал жакта жакындарын жоготкон адамдарга жана мал мүлкүнөн ажырагандарга кайрат айтуу менен табигый кырсыктын себеби эмне деген суроого жооп издеп көрдүк. Бийликтин кенебестиги, кайдыгерлиги, кош көңүл мамилеси... айтор бул боюнча айтып жаткандар толтура болгондуктан биз маселеге башка өңүттөн карап көрөлү дедик.