Энелик - бекерчилик эмес, улуу иш.
Билбейм, мындай терс ойлор элге качан, кантип келди белгисиз. Балким “аялдардын укугун коргойм!” деген феминистик идеология жайдыбы, так айта албайм. Айтор “Баласын карап, үйдө эле отурат!” дешип, үйдө энелик кылган энелерге бекерчидей мамиле кылуу түшүнүгү эл арасына кенээн жайылып кетиптир. Жада калса мен деле бул ойго чоочун карап жүргөн эмес экем. Качан гана үйдө отурган келинчегиме тыяк быяктан сөздөр келип жатканда гана ушул ойго кептелдим.
Бала чоңойткон апалар, эже-карындаштар! Өзүңүздөр айтыңыздарчы, бала чоңойтуу ушунчалык жеңил ишпи? Эне катары “энелик” ишин сиздер баалап турбасаңыздар, эркектер кантип бааласын?! Туура, баарыбыз кемчиликтүү адамдарбыз. Эмнеге канчалык маани берүүнү таразалай албай калабыз. Андыктан сизге да бизге да Куран акыйкаттары жол көрсөтсүн! Курандын нурдуу жолу менен бул маселеге баш багып көрөлү анда...