Инсан чоңойгон сайын кийими кичирейип, чак келбей калат. 1 жашындагы кийими 5 жашында, 5 жашындагы кийими 10 жашында, а.э. 10 жаштагысы болсо 20 жашында чак келбей калаарын баарыбыз билебиз. Бирок адам чоңойгон сайын эч кичирейбей турган бир кийими бар. Ал кийим болсо “дене”-деп аталган кийим. Адам чоңойгон сайын ошол дене кийими да чоңоюуда. Семирип, толуп кеткен кезде дене кийими кеңейип, ал эми арыктаган кезде кайра калыбына келүүдө. Дене кийимибиз бизге чоң келип, шалбырап да калган жок. Же болбосо тар болуп бизди кысып калган да жок. Дайыма бизге чак келип, ээн эркин жашап жүрөбүз. Ушул эле мисалдарды жаныбарларга карата да айта алабыз. Жаныбарларга да өтө кооз, ыңгайлуу бир “дене кийими”-акылмандуулук менен кийгизилген. Бул кийимдерди бизге жана жаныбарларга ким кийгизди? Албетте Чебер болгон Аллах Таала! Бүткүл жаратыктарга кооз кийимдерди кийгизген, аларга мыкты көрүнүш жана шекил берген, аларды бир абалдан экинчи абалга алмаштырган зат Аллах Тааладан башка ким болушу мумкүн? Аллахтын “Мусаввир”-б.а. “Шекил берген, сүрөт берген”деген ысмы бар. Бул ысымы бүткүл жаратыктарда кооз түрдө чагылууда!!!