Болоттой желе

Опубликовано: 22 Октябрь 2024
на канале: БЕЙИШ НУРУ
42,811
1.9k

Ыйык Куранда Аллах, асмандардагы жана жердеги бардык нерселерди моюн сундургандыгын жана ошол моюн сунган нерселерде т.а. табиятта пикир кылган адамдар үчүн Аллахты далилдеген белгилер бар Экендиги айтылат. Бул аяттын негизинде, Мурунку чыгарылышыбызда жаратылыштан шыктанып ишке ашырылган ачылыштар тууралуу сөз кылганбыз. Ооба, адам баласы жаратылыштагы кубулуштарга, өсүмдүк, жан-жаныбарларды карап туруп өтө көптөгөн биз үчүн пайдалуу болгон ачылыштарды жасаптыр. Бирок ошол эле кезде ачыла элек дагы да өтө көп нерсе бар экендиги баарыбызга маалым. Алардын бирөөсү жөргөмүштүн желеси. Ооба достор! Бүгүн биз жөргөмүштүн желеси тууралуу сөз кылабыз.
Дагы мурунку чыгарылыштарыбызда жөргөмүштүн желеси тууралуу Курандын бир кереметтүү аятынын илимий-логикалык ачылышын баяндап бергенбиз. Ал ролигибизде да Курандын адамдын сөзү эмес экендигин, ал Улуу Жараткандын сөзү экендигин логикага сыйаарлык даражада далилдегенбиз. А бүгүн болсо ошол эле желеге башка өңүттөн карап көрөлү.