Айнек шып деген эмне? Бул мамлекеттик же жеке сектордо, же башка тармактарда айрым адамдардын маанилүү чечимдерди кабыл алууга катышуусун жана лидерликке жетүүсүн чектеген жасалма тоскоолдуктар. Бирок ал тоскоолдуктар көрүнбөйт, ошондуктан терминде айнек деген сөз колдонулат.
Алгач бул термин аялдардын гана позициясын түшүндүрүү үчүн колдонулса, азыр ал адамдын социалдык абалына, улутуна тиешелүү аспектилерди да камтыйт
Айнек шып көп учурда аялдарды жогорку акы төлөнүүчү жумуштардан, жетекчилик кызматтардан алыстатат. Мисалы, бир эле кызматка аял жана эркек адистер талапкерлигин койсо, аялдын төрөт боюнча өргүүгө чыгуусу же анын үй-бүлө маселелери уюмдун жумуш сапатына терс таасир тийгизет деп, жетекчилик эркек талапкерди колдоп коюшу ыктымал.
Сиздин оюңуз боюнча аялдардын чыныгы каалоолоруна жана мүмкүнчүлүктөрүнө дал келген жумуштарга тоскоол болгон кандай шарттар жана стереотиптер бар?