Кошоктун маанисин билесизби?

Опубликовано: 18 Август 2026
на канале: UNDP in the Kyrgyz Republic
4,453
52

Кошок - бул адамды акыркы сапарга узатууда кайгыны, арманды билдирип, коштошкон ыр. Бирок кызды да күйөөгө берип жатканда энеси, жеңеси кошок кошкон. Кыргыздар кызга сый мамиле жасап, “кыз бала конок” же “башканын бүлөсү” деп бапестеп багышкан. Бой жетип, алыс жакка бүлө болуп узап кеткен кыз төркүнүнө чанда гана конок болуп келе алган жана төркүнүнүн ички иштерине аралашканга укугу болгон эмес. Ошондуктан, кыз узатуудагы кошок ыры кыз менен коштошуунун белгиси болгон. Сиздин бул жөнүндө оюңуз кандай?