Экинчи нөөмөт жөнүндөгү чыгарылыш эсиңиздеби? Бул термин аялдардын тамак бышыруу, кир жуу, үй жыйноо ж.б.у. сыяктуу акы төлөнбөгөн үй жумуштарын билдирет. Ал эми, бүгүн биз "Үчүнчү нөөмөт" түшүнүгүн карап чыгабыз.
Аялдардын тышкы келбетин сулуу алып жүрүүсү коомдо көбүнчө милдеттүү нерсе катары кабыл алынат. Аялдын салмагына, чач жасалгасына, терисинин абалына, макияжына жана кийим стилине ылайык мактоолор жана комплименттер айтылып, же тескерисинче сын сөздөр, керексиз кеңештер берилет. Экинчи нөөмөт сыяктуу эле, сулуулук жана сексуалдуулук аялдын жакшы көрүнүүгө болгон «табигый» каалоосу менен байланышкан, ага ырахат алып келген процесс катары каралат. Стандарттарга жооп берүү каалоосу канчалык деңгээлде аялдын өзүнө тиешелүү же мунун баары коом тараптан таңуулаганбы - аныктоо кыйын. Сиз кандай ойлойсуз?