1973-жылы 23-августта абактан бошотулган Ян-Эрик Олссон Стокгольмдогу банктардын бирин басып алып, төрт банк кызматкерин барымтага алган. Ал тургай полиция Олссондун талабын аткарып, аны менен чогуу түрмөдө отурган Кларк Улофссонду банкка жеткирген. Полициянын 5 күнкү аракетинен кийин баскынчылар багынып, барымтадагылар аман-эсен чыгарылган. Жабырлануучулар Олссон менен Улофссондон эмес, полициядан корконун айтышып, айрым маалыматтарга караганда, алар үчүн атайы адвокаттар да дайындалган. Бул жүрүм-турумду психиатр Нильс Бейерут "Стокгольм синдрому" деп атаган. Мындай жүрүм-турум жабырлануучу бардык талаптарды аткарганда агрессор боорукердик жана ырайымдуулук көрсөтүп, акырында бир жактуу же өз ара жактыруу пайда болот деген үмүткө негизделет. Мындай синдром адамда анын өмүрүнө коркунуч туудурган шарттарда, анын ичинде ала качуу учурунда же үй-бүлөлүк жана сексуалдык зомбулукта пайда болушу мүмкүн. Агрессор менен байланышта болуу мөөнөтү да анын калыптанышына таасирин тийгизет. Жөнөкөй сөз менен айтканда, бирөөнүн психологиялык же физикалык ден соолугуна зыян келтирген адамга жабырлануучуда боорукердик сезимдер пайда болот. Орусча “бьет значит любит” деген түшүнүк - бул синдромдун ачык бир мисалы. Дагы кандай мисалдарды билесиз, комментарийде жазыңыз.