Катын сөзүнүн мааниси

Опубликовано: 04 Июль 2026
на канале: UNDP in the Kyrgyz Republic
1,626
20

«Катун//хатун» сөзү тарыхтан белгилүү болгондой, түрк жана монгол өкүмдарларынын жубайына же өкүмдардын үй-бүлөсүнөн чыккан кыздарга карата титул катары колдонулган. Айрым окумуштуулар бул сөздүн түрк жана монгол тилдерине согду тилинен киргендигин айтышат. Алардын ою боюнча, согду тилиндеги hwatun «королева» дегенди билдирет. Мисалы, иран тилинде хотум бул “дама”. Ал эми лингвист Герхард Дөрфердин ою боюнча, «катун» деген сөз «кагатун» түрүндө түрк элдеринде байыртан эле «каган» сөзүнөн келип чыккан. Анткени башкалардан айырмаланып, түрк-монгол мамлекеттеринде өкүмдардын аялы маанилүү роль ойногон. Ал эми Түштүк Сибирь түрк тилдеринде аял же жубай кадыт деп аталат. Анда эмнеге катын деген сөз бизге орой угулат? Бул эмне менен байланыштуу? Жообуңузду күтөбүз.