Кыргызда камчы жөн гана атты башкаруучу курал эмес. Ал бийликтин символу, ошондой эле маданиятта, салттуу дипломатияда өзгөчө орду бар. Айтсак, эгерде адам үйгө камчыны бүктөп же өтүгүнүн кончуна кымтып кирсе, анда ал конбой кете турчу конок экен деп билишкен. Эгерде камчыны сүйрөп кирсе, душмандыктын белгиси катары каралган. Эгер үйдөн чыгып баратып камчыны бүктөбөй чыкса, ал киши бир нерсеге нааразы экенин билдирген. Камчынын анты бар делет, ошондуктан аны менен бирөөнү чаап же сабаган болбойт. Анда эмнеге жубайын уруп-сабаган адамды “кызыл камчы” деп аташат?